Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

ЮНЕСКОнун башкы директору Р.Отунбаеваны куттуктады


БУУнун илим жана маданият маселелери боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) директору Ирина Бокова Роза Отунбаеваны президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады. Анда "жаңы Конституцияга ылайык эң алгачкы аял-президент катары расмий кызматка киришүүңүз жөнүндө кабардар болуу менен Сизге ЮНЕСКОнун жана жеке өзүмдүн атымдан бул жогорку даражалуу кызмат ордунда өзгөчө ийгиликтерге жетишүүңүздү жана бардык жакшылыктарды каалайм" деп жызылган. Ошондой эле куттуктоо баракчасында Р.Отунбаеванын ЮНЕСКО уюму менен бир нече убактан бери кызматташып келе жатканы белгиленген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG