Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Р.Отунбаева: Кыргызстандын Чеченстанга айланып кетишине жол бербейли


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева бүгүн Ош шаарында жаштар менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, өлкө башчысы июнь айындагы түштүктөгү коогалаңды атайын комиссия иликтей баштаганын, бийликти бөлүүгө аракеттенген сырткы күчтөр дале бар экенин айтты. “Азыр биригип парламенттик шайлоого жетпесек чайналып отуруп калабыз. Анда Кыргызстан Чеченстанга айлынып калышы ыктымал. Партизандык согушка бир кадам калды” деди Р.Отунабева.

Өз кезегинде жаштар ЕККУнун полиция күчтөрүнүн киришине каршы болгонун билдиришүүдө. Жаштар кыймылынын лидери Сонун Жунусбаев жаштардын артында эч кандай саясий күч жок экенин, алар ЕККУ полиция күчтөрүнүн башка да өлкөлөргө киргизилген тажрыйбасынан чочулап жатышканын айтты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG