Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:55

Ишкер В.Хонго бир айда эки жолу кол салуу болгон


Бул тууралуу “ВОССТ” компаниясынын ээси Валерий Хондун жакындары жана кесиптештери бүгүн маалымат жыйында билдиришти. Учурда анын абалы стабилдүү, бирок оор. Ал учурда № 4 ооруканада реанимация бөлүмүндө жатат. Аталган компаниянын башкы директору Калиман Түгөлбаеванын айтымында, биринчи кол салуу белгисиз адамдар тарабынан 28-июнда Бишкекте Токтогул көчөсү менен Жаш Гвардия гүл багынын кесилишинде В.Хон машинага отуруп жаткан чакта орун алган. Ага чейин телефондон коркутуп-үркүтүүлөр болгондугун жана бул кол салуу мындан эки жыл мурда болгон келишпестиктен улам болсо керек деген оюн жакындары менен бөлүшкөн.

Экинчи кол салуу 27-июлда болуп, ишкерди үч адам темир таяк менен сабап, бычактап кетишкенин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" тастыктаган болчу. Маалыматка караганда, Валерий Хон оор абалда № 4 шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда Октябрь райондук ички иштер бөлүмү окуянын чоо жайын иликтөөдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG