Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Кыргызстанда эгиндин түшүмдүүлүгү 25% төмөн болору күтүлүүдө


Бул тууралуу өлкө вице-премьер-министри Александр Костюк бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. Ал Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу коогалаң өлкөнүн айыл чарбасына кедергисин тийгизгенин белгилеп, быйылкы жылы дан жыйноонун көлөмү да аз болушу ыктымалдыгын кошумчалады. Анын айтымында, түштүктө былтыркыга караганда 80 миң тонна, жалпы өлкө боюнча 150-170 миң тонна дан аз жыйналат деп болжолдонууда. А.Костюк АКШнын өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) Кыргызстанга азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында 10 млн., орун-жыйноо иштерине 1 млн. доллар берерин айтып, АКШ өкмөтүнөн дагы кошумча жардам көрсөтүүнү өтүндү.

Өз кезегинде Т.Гфеллер АКШ Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин, ЮСАИДдин “Тынчтык үчүн азык-түлүк” программасынын алкагында көмөк көрсөтүлөрүн айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG