Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

Турсунбек Акунду орун басары айыптап чыкты


Акыйкатчы Турсунбек Акундун орун басары Таалайбек Кошоков бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, жетекчисин пара алат деп күнөөлөө менен аны Акыйкатчы институтун жетектегенге моралдык укугу жок деп айыптады. Анын айтымында, мурда аталган институт жылына 60 миң арызды караса, Т. Акун кызматка келери менен бул сан 10 миңге түшүп калган. Ошондой эле ал көрсөткөн кызматы үчүн акыйкатчынын пара ала турганын, бул тууралуу ага жакында эле төрт аял билдиргенин кошумчалады. Мындан сырткары Т. Кошоков аны өз майрамдарын казынадагы каражаттын эсебинен өткөрөт деп айыптап, бул дооматтарын Убактылуу өмөткө жеткирерин, эгер көңүл бурулбаса түрдүү акцияларды өткөрөрүн белгиледи.

Ал эми Турсунбек Акун Акыйкатчы институтунда бир жылдан бери чоң реформа жүрүп, структурасы өзгөрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Ал реформага ылайык келген арыздардын үстүнөн эмес, адам укуктарын коргоо жаатында алдын ала иштерди жүргүзүп жатышканын кошумчалады. "Бизге тиешеси жок арыздарды бүт тиешелүү жайларга жөнөтүп жатабыз. Реформаларга ылайык, Акыйкатчынын бир орун басары Таалайбек Кошоков Ошко барып бир жыл иштемек. Ага макул болбой, үч жолу буйрук чыгарсам аткарбай койгон. Ал бир жылдан бери бекер айлык алып, ишти аткарбай келип-кетип жүрөт. Ал бир топ жолу арызданып, мени Каржы полициясы да текшерип, эч нерсе тапкан эмес”, - деди Т.Акун. Анын айтымында, мына ушундан улам анын кабинети, минген машинеси жана айлыгы алынып салынган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG