Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Тогузторолуктар “Кыргызалтын” жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылууда


Тогуз-Торо районунун эли бул маселени чечип берүү үчүн өлкө президенти Роза Отунбаевага кат жолдошту. Алар “Кыргызалтын” ишканасынын учурдагы президенти Алмазбек Жакыповду кызматтан четтетүүнү президент Роза Отунбаевадан суранышууда. А.Жакыповду кызматтан кетирүү чечими 29-июлда өткөн райондун элинин өкүлчүлүгүнүн чогулушунда кабыл алынган.

Жыйында Каргалык аймагынын тургуну Адамкалый Түмөнбаев сөз сүйлөп, А. Жакыпов аталган ишканага президент болуп келгенден бери Тогуз-Торо элинин социалдык абалына көңүл бурулбай, жолдор ремонттолбой, 20 үйдүн суу түтүктөрү чирип, тургундар сырттан суу ташып ичип жатканы белгилеген. Тогоз-Торо эли өзүлөрүнүн талабы 2-августка чейин аткарылбаса “Макмалалтын” кенинин иши токтоорун билдиришүүдө.

Ал эми Алмаз Жакыпов тогузторолуктардын коюп жаткан дооматтары негизсиз экенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Казармандагы элдин нааразылык акциясын аны кызматтан кетирүгө кызыктар күчтөр уюштурушу мүмкүн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG