Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:48

Ошто дайынсыз жоголгондордун жакындары бийликке бир нече талап койду


Бүгүн өлкө президенти Роза Отунбаева Ош облусуна жасаган иш сапары учурунда июнь айындагы коогалаңда жоголуп, дайыны чыкпай жаткандарыдн туугандары менен жолугушту. Дайынсыз жоголгондордун туугандары башаламандыкта каза болгондорду апрель окуяларында шейит кеткендер менен тең кароо өтүнүчүн билдиришти. Алар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө коммуналдык төлөм, айрым салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү, элдеги курал-жарактарды алуу, башаламандыкты уюштурган кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу, дайынсыз жоголгондор жана каза болгондордун жакындарына компенсация берүү талабын коюшту. Роза Отунбаева өкмөттүн толук курамы Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундарын тынчсыздандырган бардык көйгөйдү чечүүнүн үстүнөн иштеп жатышкандыгын белгиледи.

Жолугушууга президенттен сырткары вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева, ички иштер министри Кубатбек Байболов, билим берүү жана илим министри Канат Садыков, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министри Айгүл Рыскулова, саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов, башкы прокурор Байтемир Ибраев катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG