Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Жалал-Абад облусунда жети жүздөй имарат жараксыз


30- июлда облус борборунда Жалал-Абад, Ош шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын Оштогу өкүлчүлүгү эл аралык уюмдардын жана тополоңдо жабыр тарткан шаар-райондордун тармактык кызматтарынын катышуусунда кеңешме болду. Анда май-июнь айларында өрттөлүп, талкаланган имараттарды кайра куруу , курулуштун канча бөлүгүн кайсы уюмдар алышы тууралуу маселелер талкууланды. Дирекциянын үй курулуштар боюнча координатору А. Акматов билдиргендей, өткөн айларда облуста 700дөй имарат өрттөлүп, жараксыз болуп калганы такталган . Азыр биринчи иретте калк жашай турган 424 турак-жайды куруп бүтүрүү милдети турат. Курулуштун 70 пайызына эл аралык уюмдар менен кыргыз өкмөтү, 20 пайызына жергиликтүү казына, 10 пайызына жабырлануучунунун салымы болот. Өрттөлгөн имараттарды кайра изилдеп чыгуу жана жаңы үйлөр түшө турган жерлерди архитектуралык-сейсмикалык жактан текшерүү иштери кыйла убакытты талап кылды. Эми бир-эки күн ичинде Жалал-Абад шаары менен Сузак, Базар-Коргон райондорунда имараттарды кайра куруу иштери башталганы турат. (YA)

XS
SM
MD
LG