Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Жалал-Абаддагы башаламандыкка тиешеси бар деп шектелген милициянын полковниги кармалды


30-июлда Жалал-Абад облустук жана Сузак райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында июнь айында Жалал-Абадда орун алган башаламандыкка жана адам өлтүрүүлөргө тиешеси бар деп шектелген милициянын отставкадагы полковниги жана Сузак районунун мурдагы Москва колхозунун башкармасы колго түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси, милициянын подполковниги Таалайбек Сусунбаев кабарлады. Анын билдиришинче, кармалгандар Ош-Бишкек жолунун Топурак Бел ашуусунан түшө бериштеги пахта тазалоочу “Санпа” ишканасынын айланасындагы киши өлтүрүүлөргө тиешеси бар деп шектелүүдө. Тергөө амалдарына байланыштуу кармалгандардын аттары аталган жок. Учурда Сузак райондук прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Маалыматка ылайык, “Санпа” ишканасынын тегерегинде 11-15-июнь күндөрү эки адам дайынсыз жоголуп, 16 адам каза болгон. Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштери бүгүн да улантылат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG