Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

ЕККУ полициясынын курамына Казакстан, Орусия, Украинанын өкүлдөрү кириши мүмкүн


Бул тууралуу перзидент Роза Отунбаева бүгүн Ош шаарында активист аялдар менен жолуккан учурда билдирди. Ошондой эле жолугушууда Ошко Шаңхай Кызматташтык уюмунун шаарчасы курулушу ыктымалдыгы айтылды. Бул боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткандыгын Р.Отунбаевага ШКУнун баш катчысы Муратбек Иманалиев билдирген. Ошондой эле президент 10-октябрда боло турган парламенттик шайлоого жана аны таза өткөрүүгө аялдарды да активдүү катышууга чакырды.

Жолугушууда түштүктөгү улуттук араздашуу учурунда айрым аялдардын жабыр тартканын, алар реабилитациялык жардамга муктаж экендиги айтылды. Айрым аялдар ЕККУнун куралсыз полиция күчтөрүнүн киришин колдой турганын билдиришти. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы маалымдады. Буга чейин ЕККУнун полиция учтөрүнүн киргизилишине каршы пикирлерин билдирген бир нече акция Бишкек, Ош, Талас жана Каракол шаарларында өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG