Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

“Кыргызгеолтехкомплект” ишканасынын кызматкерлери Өзбекстанда кармалууда


Кадамжайдан Ошко келатканда Өзбекстандын аймагына тиешелүү Жабагы (Ябаги) аймагында 11 кыргызстандык дале кармалып турат. Алар Кыргызстандагы ири кен казчу ишканаларга жардыргыч заттарды алып келип берүү кызматын көрсөткөн “Кыргызгеолтехкомплект” ишканасынын беш айдоочусу жана түштүктөгү окуяга байланыштуу аларды коштоп барган Ички иштер министрлигинин алты кызматкери. Алар аталган аймакта Тажикстандан 40 тонна жардыргыч зат алып келе жаткан учурда кармалган. Бул тууралуу аталган ишкананын башкы адиси Таалай Кудушев бүгүн “Азаттыкка” кабарлады.

“Биз дайыма эле ушул жолдон өтчүбүз. Түштүктөгү окуядан соң Өзбекстандын Жабагы айылына өтмө бекет коюптур. Бара жатканда эч нерсе айткан эмес. Келатканда текшерип, бул заттар чын эле геология тармагына керектелерин тастыктаган кагаз керектигин сурашты. Бирок андай кагаз кыргыз тараптан жөнөтүлүп, үч күн мурда эле бүтсө да бизди сегиз күндөн бери кармап турушат”, - деди Т. Кудушев.

Анын айтымында, тиешелүү документтер Өзбек тарапка берилген жана бүгүн Кыргызстандын чек ара кызматы алардан маалымат алып кеткен. Ал эми өзбек тараптан бул боюнча маалымат алуу мүмкүн болгон жок. Кыргызстандын ИИМи бул маалымат такталып жатканын кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG