Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

А.Муралиев: Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу камсыз кылынат


Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев 30-июлда 2010-2011-жылдагы жылуулук сезонуна жана кышка даярдык боюнча өткөн жыйында билдирди. Жыйында түшүм жыйноонун жүрүшү талкууланып, А.Муралиев "Агроазыктүлүк" корпорациясынын кийинки тагдырын аныктай турган атайын комиссия түзүлөрүн белгиледи. Ал ошондой эле Каржы министрлигине кошумча 20 миң тонна эгин сатып алууга каражат табууну тапшырды. “Биз дыйкандарга жакшы шарт түзүп беришибиз керек. Алар өстүргөн азык-түлүгүн базарларга сатып өздөрүнө каражат табуулары зарыл. Республикадагы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык колдон келген аракеттер көрүлүш керек”- деди А.Муралиев.

Ал эми айыл чарба министри Маматшарип Турдукулов быйыл республика боюнча 871 миң тонна эгин жыйноо пландалып жатканын, бул өткөн жылдагыдан 155 миң тоннага кем болорун айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG