Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:39

И.Масалиев Коммунисттер партиясынын төрагалыгын тапшырды


Анын ордуна партияны мындан ары Бүмайрам Мамасеитова жетектемей болду. Мындай чечим аталган партиянын бүгүнкү пленумунда кабыл алынганын “Азаттыкка” И.Масалиев өзү кабарлады. Ал ага карата козголгон кылмыш иши партиянын алдыдагы шайлоолорго катышуусуна тоскоолдук болбошу үчүн ушундай чечим кабыл алынганын айтып жатат. Масалиевдин айтымында, кылмыш иши жакын арада жабылбаса, анда шайлоого да катышпай калышы ыктымал.

И.Масалиев "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери Үсөн Сыдыков менен болгон телефон сүйлөшүүлөрү ачыкка чыккандан кийин 14-майда УКМКнын абагына камалган эле. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 233-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандыкты уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон. Кийин ал үй камагына чыгарылган. И.Масалиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG