Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Ошто тартипти сактабаган 12 милиция кызматкери иштен четтетилген


Бүгүн өлкө президенти Роза Отунбаева Ошко жасаган иш сапарынын алкагында облустук күч структураларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Президент түштүктөгү кырдаал жана жасалып жаткан иштер туурасында облустун коменданты Бакытбек Алымбековдун маалыматын укту. Б.Алымбеков негизги маселе үй-жайсыз калгандардын көйгөйү жаны жоголгондордун дайынын табуу экендигин белгилеп, бул багытта Ош облустук комендантурасы тийиштүү ведомстволор менен биргеликте иштешип жаткандыгын билдирген. Анын айтымында, тартипти жана мыйзамды сактабаган 12 кызматкер кызматынан четтетилген.
Маалыматка караганда, жалпысынын облус боюнча 2500дөн ашуун кылмыш иши козголуп, алардын 1,5 миңге чукулунун бети ачылган. Кылмышка шектүү делип 178 адам кармалса, алардын он төртүнүн иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлүп берилген. Ушул тапта 67 адамдын сөөгү аныктала элек.

Жолугушууга ички иштер министри Кубатбек Байболов, Ош шаарынын коменданты Курсан Асанов, облус губернатору Сооронбай Жээнбеков жана Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов катышкан. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG