Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Эзүүчү тапка каршы элдик көтөрүлүш


Президент Роза Отунбаева Оштогу элдин көйгөйү менен жеринде таанышты. 30-июль,2010-жыл

Президент Роза Отунбаева Оштогу элдин көйгөйү менен жеринде таанышты. 30-июль,2010-жыл

Ош жана Жалал-Абад дубандарындагы момун жашоочулар тополоң окуялардын кесепеттерин жоюуга жардам беришкен мекендештерине ыраазылык билдирип жатышат. Ошол эле учурда эл ичинде өкмөттүн саясатындагы мажүрөөлүк жөнүндө, айрым саясатчылардын, бийлик адамдарынын аша чапкан аракеттери жөнүндө сөз болууда.


Базар-Коргон районунун туругуну Төрөкан Алимов:

-Мен 6-апрелден тартып, май-июнь айларында Жалал-Абаддагы тополоңдо ошол жерде болгом. Бул кагылыштын чыгышына эмне себептер болгонуна менин пикирим төмөндөгүчө. Биринчиден, бүгүнкү күндө Кыргызстанда эксплуататордук тап пайда болгону жашыруун эмес. Түштүктө кыргыз бай-манаптары, өзбек бай-манаптары жаралып калганы айдан ачык.

Анан Курманбек Бакиевдин бийликке келиши жана анын тууган-уруктары элди зомбулук жана эксплуататордук ыкма менен иштеткени маалым. Козу карындай жайнаган кафе, ресторан, казинонун ээлери, айрым жеке менчик ишканалардын кожоюндары кыргыздын жаш улан-кыздарын иштетип арзыбаган маяна берип, же эмгек акыларын бербей койгонунан улам жаштардын кыжыры келип көтөрүлүшкө чыгышкан.

Бул жерде Бакиевдердин дагы күнөөсү бар. Себеби, алар этностордун ортосундагы кагылышууну өздөрнүн кызыкчылыгына пайдалануу үчүн, элден уурдаган байлыктарын, зомбулук бийлигин сактап калуу үчүн чыгарды деп эсептейм.

Жалал-Абаддык ардагер мугалим Касым Сулайманов:

- Ош, Жалал-Абаддагы коогалаң окуясында жабыркагандарга түндүктөгү Чүй, нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын тургундарынын жардам бергендерине жеке ыраазычылыгымды билдирейин дедим. “Кыргыздар башына мына ушундай оор мүшкүл түшкөндө бириге калат”, деп илгертен бекер айтылган эмес. Эми түндүк-түштүк деп бөлүнбөй ынтмакта бололук.

Экинчиден Убактылуу өкмөт кыргыз мамлекетин күчтүү, бакубат өлкө кылууда мажүрөлүк кылып жатат. Анткени Улуттук коопсуздук кызматы бул окуянын алдын-алып болтурбай койсо болот эле. 1999-жылы дагы Оштогу кандуу окуяда бийлик мажүрөлүк кылып, аны уюштургандар жазаланбай калган. Кеспети мына кечээ жакындагы кандуу окуя болуп отурат. Ошондуктан бийлик кагылышууну уюштургандарды катуу жазалап, буга тиешеси барлардын баарын мыйзамдын чегинде жазалабаса, мындай окуя дагы кайталанышы ыктымал.

"Ак шумкар" партиясынын курултайы.4-май,2009-жыл.
“Ак шумкар” партиясынын мүчөсү Жолдубай Үсөнбаев:

- “Багыт” гезитинин 22-июлдагы биринчи чыгарылышындагы “Душман сүйдүрүп айтатат” деген макалада “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов, “Мисал катары бир окуяны айтсам биздин активисттер Нарынга барса, ал жердеги шаардык финансы бөлүмүнүн жетекчилиги каалайсыңбы, каалабайсыңбы баарын эле “Ак шумкар” партиясына өткөрүп жатыптыр. Эмне “Ак шумкардын” башчысы министр финансы болсо эле элдин баары анын партиясына кирип кетиши керекби. Баарыбыз эле кызмат абалыбыздан пайдаланып мыйзамга туура келбеген ишти кылып, “өз токочубузга күл” тарта берсек болобу?-деп.

Бул боюнча биз атайын Нарын шаардык каржы бөлүмүнүн башчысына барганыбызда, жетекчиси Жеңишбек Рүстөмовго барганыбызда ал кызматкерлерин эч кандай “Ак шумкар” партиясына мүчөлүккө өткөрүү болбогонунун жана андай көрсөтмө болбогоуну тууралуу тил кат жазып берди.

Эми Аликбек Жекшенкулов “ойноп сүйлөсө дагы, ойлоп сүйлөсө”. Мындай так эмес маалыматтары менен эл арасына жик салып, бөлүп-жарууга алып барарын түшүнсө. Ар кимге асылып, ушак сөздөрдү айтуу, каралап- жамандоо, ичи-тардык Аликбек мырза сизге жарашпайт го. Эгерде сиз, ошол интервью берген гезит аркылуу айткандарыңызды жокко чыгарып, кечирим сурабасаңыз, сотко кайрылууга аргасыз болобуз.


Ал эми “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов болсо ар бир нерсени фактыга таянып айтаарын, Нарын шаардык каржы кызматынын кызматкерлери “Акыйкат” партиясына өткүлө деген сунушка, “Ак шумкар” партиясына гана өтүүгө көрсөтмө болгондугун айтып маалымат беришкенинен улам гезиттеги интерьюсунда билдиргенин “Азаттыкка” маалымдады.


Сокулуктук угарманыбыз Өндүрүш Токтонасыров улуттук кыргыз драма театрынын директоруна жана маданият министрине кайрылып, кыргыз драмтеатры качан ачыларын, качан жаңы спектаклдер даярдалып, калк кадырлаган артисттер эл алдына чыгарын сурап кайрылган эле.

Улуттук кыргыз драма театрынын директору, Кыргыз эл артисти Марат Алышпаев менен байланышканыбызды, ал аталган театрды оңдоп түзөө иштери 2007-жылдын ноябрында башталып, жылуулук-электр системасы, артисттер гримденүүчү бөлмөлөр оңдотулуп 16 миллион сом жумшалганын билдирди. Анын айтымында, театрдын чатырын оңдоого, сахнаны жана радио-аппаратура, жарык берүү жагын оңдоого дагы 14 миллион сомдой каражат жумшалат. Эгерде өкмөт ушул каражатты берсе үч айдын ичинде ремонт иши аяктып, кыргыз драма театры 15-ноябрда ачылат, деди. Ал ошондой эле Маданият министри Садык Шер-Нияз Кыргыз драм театырынын жана Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын оңдоп түзөө иштерин аягына чыгарууга аркет кылып, өкмөттөн акча каражатын бөлдүрүп берүү боюнча сүлөшүп жатканын билдирди.


Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектин 0312- коду менен 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.

XS
SM
MD
LG