Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 18:39

Ирандан АКШ америкалык үч туристти бошотууну талап кылды


Бул тууралуу президент Барак Обаманын билдирүүсүндө айтылат. Америкалык үч туристти тыңчылар деп шектенип, Тегеран бийликтери бир жыл мурда Ирак менен чектешкен райондо кармашкан. Эл аралык мунапыс уюму да туристтердин эч кандай күнөөсү жоктугун, алар тек гана адашып чек арадан Иранга өтүп кеткенин белгилеп, Тегеранды аларды бошотууга чакырды. Камалган үч кишинин туугандары жума күнү Нью-Йоркто акция өткөрүштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG