Ондогон адамдар кармалды, алардын арасында оппозициядагы саясатчы Борис Немцов жана башкалар бар. Уруксат берилбеген митингге чыккандар конституциядагы 31-беренени – эркин жыйындар укугун коргоону көздөшкөн эле. Мындай митингдер Москвадан тышкары Петербургда, Омскиде, Сочиде, Владивостокто, Красноярскиде жана башка шаарларда болду.