Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:21

Ош областында абал салыштырмалуу тынч


Ош облусунун комендантынын маалымат кызматынын билдиришинче, өткөн суткаларда Ош шаарында жана облус боюнча 48 кылмыш иши катталды. Көпчүлүк арыздар 10-17-июнь аралыгында болгон кылмыштар боюнча келүдө. Оперативдүү иликтөө иштеринин жыйынтыгында Ош шаарында алты, облус боюнча жыйырма кылмыштын бети ачылды. Учурда укук коргоо органдары тарабынан дайынсыз жоголгондорду жана кылмышкерлерди издөө иштери уланууда.

Ош жана Өзгөн шаарларында, Кара-Суу, Араван жана башка райондордо абал тынч. Бардык айыл округдарында аксакалдардын жардамы менен түшүндурүү иштери жүргүзүлүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG