Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Ыңкылапты коргоо кыймылынын курултайынын чечими президентке берилет


Ишемби күнү курултайда чечим кабыл алынып, анда мамлекеттик бийликти тазалоо жөнүндө декрет кабыл алуу, мурдагы президенттер А.Акаев, К.Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана алардын кызыкчылыгын коргогон бардык жетекчилерге шайлоого катышуусуна жана жогорку кызматтарга дайындалышына тыюу салуу сыяктуу талаптар коюлган. Бул талаптар редакциялык топ тарабынан иштелип чыгып бүгүн-эртең президент Роза Отунбаевага тапшырылат. Бул тууралуу Ыңкылапты коргоо кыймылынын мүчөсү Сапар Аргынбаев “Азаттыкка” билдирди.

Ошондой эле Ыңкылапты коргоо кыймылынын курултайында мамлекеттик кызматкерлерди коомчулук тарабынан тескөө үчүн Элдик көзөмөл комитетин түзүүнү, Ош, Жалал-Абаддагы кандуу кагылыштын чыныгы күнөөкөрлөрүн таап жазалоо жана ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө тыюу салуу боюнча талаптарды бийликке жолдоо чечими кабыл алынган. Курултайга 37 коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG