Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:21

И.Масалиев коммунисттердин жетекчилигинен кетти


Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев партия жетекчилигин өткөрүп берди. Мындай маалыматты “Азаттыкка” И.Масалиев өзү тастыктады. Эми аталган партияны Бүмайрам Мамасеитова жетектемекчи. И.Масалиев эмне себептен партиянын жетекчилигинен кеткенин маалымат жыйынында айтып берерин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Коммунисттер партиясын СССР кулаган соң Абсамат Масалиев түзүп, жетектеп келген. Ал дүйнөдөн өткөндөн кийин партия жетекчилигин уулу Исхак Масалиев колуна алган.

Кыргызстанда Клара Ажыбекова жетектеген дагы бир Коммунисттер партиясы бар. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG