Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

Токтогулдагы суунун өлчөмү 18 млрд. 974 млн. куб метрге жетти


Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат кызматы билдирет. Бул көрсөткүч былтыркы жылы 11 млрд. 352 млн. куб метрге барабар болчу. Токтогул суу сактагычында быйыл суу көп топтолгондуктан энергетиктер электр жарыгы быйыл кышта өчүрүлбөсүн айтышууда.

Мурдагы президент К.Бакиевдин башкаруусунда аталган суу сактагычтагы суунун өлчөмү өтө эле төмөн түшүп кетип, өлкөдө өтө ири жарык өчүрүүлөр орун алган. К.Бакиев бир жыйында элди тезек терүүгө үндөп, катуу сындарга кабылган. Ал эми ошол кездеги оппозиция өкүлдөрү Токтогулдагы суу сатылып кеткенин айтып чыгышкан. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG