Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Жеңил унаалар үчүн техникалык кароонун мөөнөтү бүттү


Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык мамлекеттик автоинспекциясынын жетекчисинин орун басары Темиркан Керимбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жеңил унаалар үчүн техникалык кароодон өтүүнүн мөөнөтү өтүп атканына байланыштуу МАИ кызматкерлери рейд уюштуруп, текшерүүлөрдү жүргүзүшмөкчү. Техникалык кароодон өтө элек жеңил унааларга 300 сомдон айып салынмакчы. Ошондой эле ал бүгүнтөн калбай өздөрү келип техникалык кароодон өткөн жеңил унааларга айып пул салынбасын эскертти. Эми октябрь айына чейин унаалар үчүн техникалык кароодон өтүүнүн экинчи этабы башталмакчы. Анда жүк ташуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу ири унаалар техникалык кароодон өтүүлөрү керек болот. (IJz)

XS
SM
MD
LG