Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Улуттук комиссия Ошто ишин баштады


Июнь айындагы коогалаңдын себептерин жана кесепеттерин иликтөө боюнча улуттук комиссия Ош жергесинде иштей баштады. Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Абдыганы Эркебаев жетектеген көз карандысыз уюм адегенде этностор аралык кагылышуудан айрыкча жабыркаган Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак, Шарк жана Мады айыл өкмөттөрүнүн тургундары менен жолугушту. Жергиликтүү калк тополоңдун чыгышына себепкер болгон өз жүйөлөрүн айтышып, ошол эле учурда окуянын кылдат жана калыс териштирилишин талап кылышты.

1-августтан бери комиссия мүчөлөрү облус жана райондук бийликтин башчылары, таритп коргоо органдарынын жетекчилери жана жаңжалдын күбөлөрү менен жолугушуп, “кандуу калабаны алдын алууга болот беле? Ага эмне тоскоол кылды?” деген суроолорго жооп издешүүдө.

Комиссия төрагасы Абдыганы Эркебаевдин ырасташынча, июнь коогалаңы менен бирге 1990-жылдагы Ош окуясы да кошо иликтенмекчи. Эгерде президент белгилеген 10-сентябрга дейре тийиштүү корутунду чыгарууга үлгүрүшпөсө, комиссиянын иш мөөнөтү узартылышы да ыктымал.

Анткен менен массалык башаламандык убагында жабыркаган Алай жана Кара-Кулжа райондорунун айрым тургундарынын “Азаттыкка” кайрылып, улуттук комиссия тоолуу аймактарды кыдырып, июнь окуяларынын активдүү катышуучуларын угуп коюусун өтүнүшүүдө. Атүгүл алар өкүлдөрүн Ош шаарына жөнөтүшкөндүгүн да кошумчалашты. (ATo)

XS
SM
MD
LG