Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Жаштарга кесип тандоо боюнча багыт берилет


Кыргызстанда “Сенин тандооң, сен өзүң чечесиң!” деген аталыштагы жаштар арасында жүргүзүлүүчү үгүт кербени башталды. Үгүт кербендин максаты – жаштарга кесип тандоо жаатында багыт берүү, суроо-талап күч болуп аткан адистиктерге окутуу жана аларга жумуш орундарын табууга көмөктөшүү болмокчу.

Аталган долбоорду Эмгек, миграция жана жумуштуулук министрлиги, Жаштар министрлиги жана Германиянын техникалык кызматташтык уюму биргеликте ишке ашырышууда. Аталган үгүт кербени алгач Ысык-Көл облусунун райондорунда жүргүзүлүп, андан соң өлкөнүн бардык аймактарына жайылтылмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG