Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 06:17

Иранда түрмөдө 17 саясатчы ачкачылыкта, 5 ооруканага жаткырылды


Ирандагы оппозициялык Kalema.com веб-сайты абактагылар түрмөдөгү ички кармоого каршы ачкачылык жарыялаганын бүгүн маалымдады. Алардын ичинен бешөө студенттердин таанымал активисттери Мажид Таваколи менен Абдоллах Момени, журналист-реформаторлор Бахман Ахмади Амои, Кейван Самими ооруканага түштү. Бул адамдар 2009-жылдагы шайлоодон кийинки каршылык митингдер маалында абакка салынган. Интернет сайттын билдирүүсүдө, ачкачылыкты алар жалгыз киши кармоочу камераларга которулгандан кийинки зордук-зомбулук мамилеге каршы жарыялашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG