Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

М.Мадяров: Өзбекстан жүгүбүздү 11 күндөн бери өткөрбөй атат


Кыргызстандагы кен иштетүүчү компанияларга Тажикстандан жарылуучу заттарды ташыган “Кыргызгеолтехкомплект” ишканасынын 3 жүк ташуучу унаасын, беш кызматкерин жана аларды кайтарган алты милиция кызматкерин Өзбекстан 11 бир күндөн бери өз чек арасында кармап, бери өткөрбөй атат.

Аталган ишкананын башкы директору “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, “Кыргызгеолтехкомплект” ишканасы көптөгөн жылдардан бери кен иштетүүчү ишканаларга Тажикстандан жарылуучу заттарды ташып келатканын, мурда алардын жүгүн Өзбекстан тарап бир дагы жолу токтотпогонун билдирди.

Кен иштетүүдө колдонулчу жарылуучу заттарды ташыган аталган 3 жүк ташуучу унаа 22-июлда Тажикстандагы Исфара химиялык заводунан чыгышкан. Аларды жолдо Өзбекстан менен чектешкен аймакта өзбек чек арачылары тосушкан.

М.Мадяровдун айтымында, ал ушул тапта Кыргызстандын тиешелүү органдарынын бардыгына кайрылды. Буга чейин Ички иштер министрлиги, Чек ара кызматы, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Өзбекстандын тиешелүү органдарына кайрылып, Кыргызстанга бараткан жүктү кое берүү маселесин көтөрүштү. Ал эми бүгүн Тышкы иштер министрлигине аталган жүк боюнча бардык документтер тапшырылып, Өзбекстанга нота жөнөтүү маселеси каралууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG