Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Пакистан: эпидемия коркунучу бар


Cел каптаган аймактан бир көрүнүш.
Cел каптаган аймактан бир көрүнүш.

Пакистанда бийликтер ири селдин кесепеттери менен күрөшүүдө. Андан бери дегенде бир миң бир жүздөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Миңдеген адамдар али суу каптаган аймактарда камалып турат. Суу баскан аймактардан айрым жугуштуу илдеттер чыга баштады.

Куткаруучуларды коштоп жүргөн кабарчылардын маалыматтарына караганда, селден жабыр тарткан элде өкмөттүн жардам көргөзүүгө жөндөмсүздүгүнө кыжырданган маанай күчтүү.

Пакистанда адаттан тыш жамгыр басаңдады, бирок өлкөнүн түндүк-батышында Пакистан көз карандысыздык алгандан берки эң ири селден жабыр тарткан бир миллиондой адам башына түшкөн азап-тозоктон тез эле арылчудай эмес. 2-августка карата селден 1 миң 100дөн ашуун адам каза тапканы аныкталды жана курмандыктардын саны өсөрү күтүлүүдө. Суу ташкындан эң көп жабыр тарткан Хайбер Пахтунхва провинциясында миңдеген адамдарга али жардам жете элек.

Сел кыштактарды жууп кеткенден аман калгандар башпаанектөөгө анча-мынча мүмкүнчүлүк берген жайларга жайгаштырылды жана маалыматтарга караганда, жабыр тарткан калк арасында Пакистан өкмөтү талаптагыдай жардам көргөзө албагандыгына кыжырданган маанай күчтүүдөй.

Маселен Пешевар шаарында селден аман калгандар үчүн уюшулган лагерде башкалкалап жаткан төмөнкү аял Рейтер агенттигинин кабарчысына буларды айтты:

- Мен Жабба деген кыштактан келдим. Биз баарын жоготтук. Эч нерсе сактап кала албадык. Бут кийимибиз, атүгүл балдарыбыздын бут кийими да жок. Балдарыбыз жылаңайлак жүрүшөт. Алар тамак сурап ыйлашса, бул жердеги адамдар тамак-аш нөөмөтү менен берилерин айтууда. Бизге көп нерсенин кереги жок. Оболу бут кийимге жана кийим-кечеге муктажбыз.

Пакистан бийлиги жарандык куткаруучулар менен катар суу каптаган аймактарга миңдеген аскерлерди жөнөттү. Бирок кырсык болгон жерде жүргөн кабарчылардын баяндамаларына караганда, кыйроонун масштабы ушунчалык чоң болгондуктан, алардын аракети жетишсиз экендиги байкалууда.

Cел баскан аймакка куткаруучулар мына ушундай жолдор менен жетүүдө.
Селден улам эгин талаалары талкаланды, элдин мал-жаны, унаалары агып кетти, турак үйлөр, жолдор жуулуп, көпүрөлөр бузулду. Суу ташкындын арты мындан башка кесепеттер менен да коштолчудай болуп турат.

Хайбер Пахтункава провинциясынын маалымат министри Миан Ифтихар Хусеиндин айтымында, айрым аймактарда холера илдети чыккандыгы ырасталган. Холера, диарея өңдүү илдеттердин жайылып кетүүсүнүн реалдуу коркунучу бардыгы тууралуу британдык World Vision гуманитардык уюмунун жергиликтүү жетекчилеринин бири Шарияр Хан Бангаш да эскертти.

Бул аралыкта БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Пакистандагы трагедия аны “терең кайгыга” салганын белгилеп, жабыр тарткандарга 10 миллион долларга чейин жардам убада кылды. АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун айтымында, Вашингтон баштапкы колдоо катары 10 миллион долларга жардам жана жабдуу жөнөтүүдө. АКШнын Пешевардагы башкы консулу Елизабет Руддун айтымында, эң оболу кечээ азык түлүк жеткирилди:

- Биз бүгүн бышырылган жана керектөөгө жеңил халал тамак-ашынан АКШ армиясы аркылуу 62 миң даананы алып келдик. Тамак-аштын бул түрү дагы келе жатат.


АКШнын Пакистандагы элчилиги тик учактарды, кайыктарды, жасалма көпүрөлөрдү, суу куюлган жабдууларды, азык түлүктү алып келүү ишин координациялоодо. Пакистанга жардам жөнөтөрүн Кытай менен Канада да жарыялашты.

Пакистанда катуу сел жүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG