Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Ж.Кирчик: "Түштүк Кыргызстанда абал оор"


"Азаттык" үналгысынын баяндамачысы Жеймс Кирчик Ошто, 2010-ж. июну
"Азаттык" үналгысынын баяндамачысы Жеймс Кирчик Ошто, 2010-ж. июну

"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын баяндамачысы Жеймс Кирчик (James Kirchik) Кыргызстандын түштүгүндөгү кагылыштан кийин эки улуттун баштагыдай бирге бейкапар жашоо өткөрүүсүнөн күмөн санап турганын, абалды турукташтырууда кыргыз өкмөтү Ош шаар мэри Мелис Мырзакматовду кызматтан кетирүүсү керек деген пикирин айтты.

Ж.Кирчик Ош, Жалал-Абад аймактарында он күнгө чукул жүрүп, жергиликтүү калк, кыргыз бийлик өкүлдөрү менен баарлашып, өткөн аптада Прагага кайтып келди.

- Ош менен Жалал-Абаддагы жагдайды кандай баалайсыз?

- Абал абдан көңүл чөгөрлүк. Мен сүйлөшкөн көпчүлүк кыргызы болобу, өзбеги болобу мындан ары чогуу жашоого кызыкдар эмес экендигин билдирди. Өзбектер өздөрүн жек көрүндү катары сезсе, кыргыздар аларды бул кандуу окуяга себепкер катары күнөөлөшөт экен. Азыркы кырдаал мен өткөн жолу көргөндөн таптакыр тескерисиндей сезилди. 7-апрелде ыңкылап ишке ашкандан кийин мен көргөн нерсе, өзгөрүүлөргө кубануу менен караган маанай азыр дээрлик жок. Тилекке каршы, ушундай абал Кыргызстанда дагы узакка созулчудай.

- Оштун, Жалал-Абаддын көчөлөрүндө эмнени көрдүңүз, кимдер менен сүйлөштүңүз?

- Оштун чоң көчөсүнө чыксаңыз өзбек улутундагыларды дээрлик көрө албайсыз. Көчөдөн дароо эле кимиси ким экенин ажыратууга болот. Кыргыздар кадимкидей жай-баракат, тамашалашып, күлүп жүрүшөт. Ал эми өзбектер болсо мааладан алыстабай, жашаган жеринен чыкпайт. Аялдар болсо жоготкон жакындарына тынымсыз ыйлап отуруп эмоциялык жаткан алдырып коюшкан. Эркектер коркуп жатып деморалдаштырып бүткөн. Коопсуздук күчтөрү дагы эле аларды кармоону улантууда. Биз баарлашкан жөнөкөй адамдардан тарта жергиликтүү саясатчылар эки улуттун бири-бирине ишеними жоголгондугун айтышты.

Кагылышта набыт болгон өзбек улутундагылар, 2010-ж.июну
Өзбектердин алдында эки жол турат. Анын бири - өлкөдөн чыгып кетүү, бирок Москвага жетүү баарынын эле колунан келе бербейт. Ал эми көптөрү Өзбекстанга баргысы келбейт. Өзбекстанга караганда Кыргызстан жашоого алда канча жакшы жер да. Анан кете албагандар эмне кылат? Өздөрү каалабаган жерде, качан келип милиция кармап кетет деп жашоо көрөт. Ал барып туруп чоң жарылууга алып келет. Анда июнда болгон окуя жөн эле учкундай болуп калышы мүмкүн.

-Эмнеге таянып абалга мындай баа берип жатасыз?

- Мен эки тараптан тең ондогон адамдар менен сүйлөштүм. Алардын көпчүлүгү айткан нерселер боюнча мен жалпысынан ушундай мүнөздөмө берип жатам. Бул түштүк боюнча. Албетте түндүктө, Бишкекте жагдай башкача. Ал жакта өзбек улутундагылар аз жана анчалык деңгээлде бири-бирин жактырбоо байкалбайт. Түштүктө саясий абал дагы эле чыңалып турат. Маселен, Ош шаарынын мэри Мырзакматов. Аны көптөгөн адамдар июнда болгон зордук-зомбулукту уюштурган деп күнөөлөшүүдө.

Кагылышта дайынсыз жоголгон кыргыз улутундагылар, 2010-ж.июну

- Сиз мэр Мырзакматов менен жолукканда өзүнөн бул тууралуу сурадыңызбы?

- Биз Мырзакматов менен жарым сааттан ашуун маектештик. Мага ал согушкер-кол колбашчыдай сезилди. Менин оюмча ал шаарды өз менчигиндей эле башкарат экен. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиев дайындаган жетекчи жана нааразычылык митингддердин артында турган. Ал эми анын азыркыга чейин шаар башкарып жатканы - Убактылуу өкмөттө аны колдогон жердештери бар. Ал бийликти жеке өзү кандай түшүнсө дал ошондой жүргүзөт.

Жөн жеринен эл аралык коомчулук Бишкектеги өкмөткө бул жигит менен бир айла кылууну айтпаса керек. Анткени бул жетекчи абалды турукташтырууга тескери роль ойноп, бузулган үй-жайлардын бардыгынын ордуна көп кабат үйлөрдү курабыз, ал жерде кыргыз-өзбек биригип бактылуу жашайт деген куру сезимге алдырган планды түзүп алыптыр.

Эгер Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк түзгөн планды карасаңыз, үй-жайы бузулгандар кайсы жерге кааласа ошол жерге жаңы курулуш баштай алары көрсөтүлгөн. Ал эми мэрдин мурдагы үй-жайдын баарын тып-тыйпыл тегиздеп салып, бийик кабаттуу үй куруу тууралууу планы каршылашууну кайрадан күчөтүшү мүмкүн. Эл аралык донорлор миллиард доллар каражат бөлүп жатса, мэрдин планы тигиндей болсо, анда кандай иш болот? Ошондуктан эртеби-кечпи борбордук бийликке бул мэр боюнча бир чечимге кабыл алууга туура келет.

- Сиз өз макалыңызда «кыргыз өкмөтү Мырзакматовду кызматтан кетире албаган себеби элдин айтуусунда, ал Ошту таза аба менен камсыз кылуучу станцияны бомбалап коюптур», деп жазыптырсыз. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Ооба мындай сөздү мен уктум. Таң калыштуусу Кыргызстан азыр ушак-айыңга ушундай бай экен. Мен да өз макаламда ушундай ушак кеп жүрөт деп жаздым.

- Журналист катары маалымат менен иштөөдө эмнеси чын, эмнеси калп экенин кантип айырмаласа болот?

- Мен болгону 26 жаштамын. Кыргызстанда журналист катары иштөө мен үчүн бир кыйла татаал болду. Анткени ар бир укканың ушак-айыңдын деңгээлинде. "Мен муну агаман уктум эле, менин жеңемдин инисин өзбектер токмоктоп кетиптир" деген сыяктуу сөздөр. Албетте андай шартта иштөө өтө татаал.

Ош шаар мэри Мелис Мырзакматов иш кенсесинде, 2010-ж. июну

- Демек мэр Мырзакматов тууралуу айтылгандар да ушак-айыңдын деңгээлинде десек болобу?

- Жок, мен буга макул эмесмин. Анын мурунку эки орун басары менен сүйлөшкөнүбүздө алар Мырзакматовдун туура эмес иштерге тиешеси бар экенин айтып, күнөөлөштү. Бул ушак эмес. Бул ага жакын кишилердин айтканы.

- Бул тууралуу Мырзакматовдун өзүнөн да сурадыңызбы?

- Ооба, сурадым. "Жагдайды курчутууга сиздин түздөн-түз тиешеңиз бар деп мурдагы орун басарларыңыз айтып жатат. Буга эмне дейсиз?" деп сурадым. Мырзакматов отурган ордунан туруп барып иш үстөлүнөн бир топтом кагаз алып келди. «Бул кагаздар - менин орун басарларымдын акыл-эси ордунда эмес экендигин тастыктоочу медициналык кагаздар» деп бизге көрсөттү.

- Сиздин оюңузча М.Мырзакматов кызматтан алынса кырдаалды жеңилдүтүүнүн жолу болобу?

- Ооба, ооба. Мен буга калети жок ишенем. Мен президент Роза Отунбаевадан сураганда ал да ушундай эле пикирде экендигин билдирди. Мен президенттен "сизде мэрге карата ишеним барбы?" деп сурадым. Ал болсо "бул өтө кайчылашкан суроо" деп жооп берди. Демек президент мэрге ишенбейт, ишенсе - ишенем деп эле айтмак да. Президент мэрди кызматтан ала алабы? Менимче, ооба, президент аны кызматтан ала алат. Бирок бул өтө татаал чечим болот, анткени Мырзакматовдун артында куралчан адамдар турат.

М.Мырзакматов медициналык кагаздарды көрсөтүүдө, 2010-ж. июну

- Мырзакматовдун артында куралчан адамдар турат деген маалыматтын чындыгына канчалык ишенсе болот?

- К. Бакиев борбор калаадан түштүккө келгенде Оштун борборуна куралчан адамдар чогулуп, Мырзакматов мэрдин ордуна калуусун талап кылышкан. Ошол эле куралчандар менен Мырзакматовдун байланышы бар экендиги айдан ачык. Анан жергиликтүү милиция деле мэрди угат, алар борбордук өкмөткө гана баш ийет дегендин өзү чоң суроону туудурат.

- Өзбек улутундагылар Кыргызстандын бийлигине ишеним артат бекен?

- Президент Отунбаевага карата аларды жек көрүү сезими жок. Отунбаева алар үчүн чындыгында көп нерсе жасоого ниети бар деп жана позитивдүү иштерди аткара аларына ишеним артышат. Бирок көпчүлүк өзбектер президенттин колунда чыныгы бийлик жок экендигин айтышты.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG