Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

АКШнын Ирактагы согуштук операциялары план боюнча 31-августта бүтөт


Бул тууралуу АКШнын президенти Барак Обама согуш ардагерлеринин улуттук курултайында айтты. Ал согуш аракеттерине тартылган бардык аскерлерди ушул айдын аягына чейин алып кетүү багытында жылыш бар экенин белгилеп, ал өзү президенттик кызматка келгенден бери бардыгы болуп 90 миң аскер чыгарылганын кошумчалады. Барак Обаманын сөзү боюнча, Иракта кала турган 50 миң өткөөл аскер күчтөрү Ирак коопсуздук күчтөрүн машыктыруу, контр-чалгын операцияларын жүргүзүү жана АКШнын согуштук эмес иш-чараларынын коопсуздугун камсыздоо менен алек болмокчу.

XS
SM
MD
LG