Алматынын камак борборунда түрмө шартына нааразы болгон алты киши 30-августта курсактарын тилип жиберишкен. Алматы дубанынын Жазалоо системасын көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Ирина Якубова журналисттерге алтооно медициналык жардам көрсөтүлгөнүн, алардын абалдары туруктуу экенин бышыктады.