Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

ТИМ ЕККУ полициясы боюнча түшүндүрмө берди


Кыргызстанда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полициялык кеңешчи тобу жаатында дале талаш-тартыш жүрүп аткандыктан Тышкы иштер министрлиги дагы бир жолу түшүндүрмө таркатты.

Анда бир катар маалымат каражаттары келүүсү пландалган полициялык кеңешчи топту түрдүүчө атап атышканы, “Эл аралык полиция күчтөрү”, “Эл аралык тынтык орнотуучу күчтөр”, “ЕККУнун полициячылары” деген аталыштардан улам коомчулукта алардын макамы тууралуу туура эмес түшүнүктөр калыптанып атканы айтылат.

Түшүндүрмөдө аталган полициялык кеңешчи топтун башкы миссиясы – күч органдарына ишенимди арттыруу, кырдаал боюнча мониторинг жүргүзүү, кеңешчилик кызматтарды аткаруу экендиги, алардын мандаты чектелүү экени айтылат. Ошондой эле бул полициячылар иликтөө-тергөө иштерине, кылмыш иштери боюнча процесстерге аралашпай турганы баса белгиленет.

Айта кетсек, буга чейин ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунун Кыргызстанга кирүсүнө каршы чыгып Бишкек, Ош, Кара-Кол шаарларында митинг өткөрүлгөн. Аталган митингдердин уюштуруучулары, талаптары орундалбаса түрдүү акцияларды улантышаарын айтышууда.

Бийлик жүргүзгөн бардык эле түшүндүрүү иштеринин коомчулукка сиңбей келатканына дагы бир себеп бар. Саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиев “Азаттыкка” билдиргендей, бийлик түзүмдөрү мындай түшүндүрмөлөрдү, дегеле коомчулукка керектүү, тагдыр чечерлик маалыматтардын бардыгын орус тилинде таркатып келатат. Андыктан Бишкектен тышкары дээрлик кыргыз тилинде сүйлөгөн коомчулукка бул түшүндүрмөлөр жакшы сиңбей келатат. “Бул Кыргызстандагы буга чейин болгон бардык мамлекет жетекчилеринин башкы каталарынын бири”,- дейт А.Мамбеталиев. Айта кетсек, ТИМдин бул жолку узун түшүндүрмөсү да орус тилинде гана таркатылды. (IJz)

XS
SM
MD
LG