Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Кадамжайда чоң мушташ орун алды


1-август күнү кечинде Баткен облусунун Кадамдай районундагы Масалиев айылында, “Долоно” аттуу кафеде массалык мушташуу болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирет. Мушташуунун натыйжасында эки адам түрдүү жаракат алып ооруканага түштү. Мушташтан соң окуя болгон жерге ар кыл этностун өкүлдөрүнөн турган жаштар топтолуп, 250-300 чамалуу адам ортосунда кагылыш чыгып кете жаздаган. Бирок окуя болгон жерге жетип келишкен милиция кызматкерлери менен Айдаркендеги атайын бөлүктүн аскерлери топтолгон адамдарды кууп таркатып, мерчемдүү жерлерди күзөтүүгө өтүшкөн. Чогулгандарды кууп таркатууда асманга ок атылган, бирок андан тынч жарандар жабыркаган эмес.

Аталган массалык мушташтын натыйжасында кылмыш иши козголуп, мушташка катышкан жана уюштурган тогуз адам кармалды.

Улуттук коопсуздук кызматы учурда Баткен облусунда кырдаал туруктуу экенин билдирип, коомчулукту чагымчыларга алдырбоону үндөшүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG