Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Ошто көп кабаттуу үйлөрдү кура башташты


Ош шаарындагы “Манас-Ата” районунда эки көп кабаттуу үй курула баштады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Аталган көп кабаттуу үйлөрдү Оштогу курулуш ишканасы курмакчы. Андан тышкары аталган үйлөрдү курууга катыша турган тараптардын бардыгы аныкталып бүттү. Курула баштаган эки көп кабаттуу үй сегиз ай ичинде бүткөрүлөрү пландалган.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясына дагы эки көп кабаттуу үйдү куруу боюнча долбоорлор, эсеп-чоту чыгарылган документтер жөнөтүлдү. Аталган дирекция бекиткен соң, бул үйлөр да курула баштамакчы.

Айта кетсек, буга чейин шаар бийлиги көп кабаттуу үйлөрдү куруу планы бар экенин билдирип, курулуп бүткөн соң батирлерге турак-жайлары талкаланган жарандарды жайгаштырарын айтып келген. Мындай план ар кыл райондордо топ-топ болуп жашаган түрдүү этностордун аралаш жашоосун шарттап, алардын ортосундагы ажырымдын чоңоюшун токтотору айтылган. Бирок бийлик өкүлдөрү арасында да буга каршы болуп, үй-жайы талкалангандарга ошол эле жеринде үй куруп берүү керектигин жактагандар бар. (IJz)

XS
SM
MD
LG