Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Дайынсыз жоголгон 8 жашар бала табылды


Ош шаарында болгон башаламандыктар учурунда дайынсыз жоголгон Кудайберген Аттокуров аттуу сегиз жашар бала Жалал-Абадда табылды. Ош шаарында кагылыштар башталганда ал башка качкындар менен бирге Жалал-Абад облусуна келип калган жана ушул күнгө чейин ар кыл жерде күн көрүп жүргөн.
Милиция кызматкерлери баланы тапкан маалда ал дале өзүн жоготкон абалда болгон. Ага оболу медициналык жана психологиялык жардамдар көрсөтүлүп, учурда бала ата-энесинин жанында.

Айта кетсек, ушул тапта дайынсыз жоголгон дагы 27 адам бар. Тааныла элек сөөктөрдүн саны 14. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG