Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

Кытайда шахтадагы кырсыктан тогуз адам набыт болду


Хенан провинциясындагы көмүр кендеринин биринде кечээ кечинде газ атылып кеткен. Жети шахтер азыр урандылар астында калганы айтылууда. Кырсык болгон учурда 127 адам жер астында болгон эле. Алардын 111 куткарылганын өлкөдөгү мамлекеттик Синьхуа маалымат агенттиги кабарлады. Кытайдын көмүр кендери “дүйнөдө адам өмүрү үчүн эң коркунучтуу кендерден” деп эсептелет. Былтыр алардагы кырсыктарда 2600 ашуун киши өлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG