Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:12

5-августта Бишкекте курултай өтөрү пландалууда


Курултайдын уюштуруучулары “Форум” гезити аркылуу жарыя кылышкандай, 5-августта Бишкектин эски аянтында элдик курултай өтөрү пландалууда. Маалыматка ылайык, аталган курултайдын уюштуруучуларынын бири мурдагы президенттикке талапкер Урмат Барктабасов.

“Маселе бирөө: азыркы абал, андан чыгуунун аргасы, кыргыз келечеги, Кыргызстандын келечеги”,- деп айтылат жарыяда.

Ал арада “Ата мекен” жана Социал-демократтар партиялары 5-августта ыктыярдуу элдик кошуундарды мобилизациялап атышканын билдиришти. “Ата мекен” партиясынан билдиришкендей, мындай чара “5-августта Бишкекте митингдер өтөт” деген сыяктуу кеп-сөздөрдүн көбөйүшүнөн улам, талап-тоноочулук орун алып кетпесин деген максатта колго алынууда. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG