Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:45

БУУ Израил менен Ливанды «сабырдуулукка» чакырууда


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши менен катар АКШнын Мамлекеттик департаменти да беш киши окко учкан окуядан кийин эки жакка тең өзгөчө токтоолук керек экендигин эскертишти. Коопсуздук Кеңешинин президенттигин ушул айда өткөрүп алган Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Кеңеште жаңжалдын чыгышы талкууланып, сабырдуулукка чакыруу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди. Ок атышууда ливандык үч аскер, ливандык бир журналист, Израилдин бир полковниги курман болду. Кагылыш эмнеден башталганы анык эмес. Тараптар бири-бирин күнөөлөп жатышат.

XS
SM
MD
LG