Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:35

Орусия улуу өрттү көзөмөлдөй албай калгандыгын мойнуна алды


Гезиттердин жазышынча, Чукул абалдар министри Сергей Шойгу кечээ Сочиде президент Медведевге өлкөдө өрттү токтотууга күч жетпей жаткандыгын билдирген. Өрттөн бүгүнгө чейин 40 кишинин өмүрү кыйылып, эки миңге чукул үй өртөнүп кетти. Москванын жанындагы согуштук база өрттөнүп кеткендиги кабарланууда. Чукул абал агенттигинин кризистик борборунун жетекчиси Владимир Степанов өрт өчүрүүчүлөр жетишпей жаткандыгын белгилеп, жергиликтүү бийликтерди бардык мүмкүн болгон күчтү тилсиз жоо менен кармашка салууга үндөдү. Бийликтер быйыл күн өтө ысык болгондуктан, дан эгиндери мурда пландалгандан 10-15 пайызга аз жыйнала тургандыгын эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG