Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Ысык-Көлдө “Укук коргоо журналистикасы” боюнча семинар өтөт


5-6-августта согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институту (IWPR) Ысык-Көлдө “Укук коргоо журналистикасы” боюнча тренинг-семинар өткөрөт. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген журналисттер менен укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнө массалык маалымат каражаттарында укук коргоо темаларын чагылдыруунун жолдору окутулат. Тренинг-семинарда чагымга алдырбоо, укук коргоо маселелери боюнча маектерди уюштуруу, журналисттик иликтөө жөнүндө тажрыйбалык сунуштар, окуулар өткөрүлөт. Ошондой эле эл аралык жана Кыргызстандын мыйзамдарындагы адам укуктарын коргоонун мехнизмдерине көңүл бурулуп, юридикалык укуктарын коргоо, сотко кайрылуу боюнча кеңештер берилет. Бул тууралуу аталган иснтитуттан (IWPR) билдиришти.
(AJ)

XS
SM
MD
LG