Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

5-августта Урмат Барыктабасов Бишкекте курултай өткөрөт


Бул тууралуу анын штабынан билдиришти. Маалыматка караганда курултайды Жогорку Кеңештин алдындагы аянтта өткөрүү болжолдонууда. Анда өлкөдөгү саясий-экономикалык абалга баа берилип, У.Барыктабасов өлкөнү өнүктүрүү, туруктуулукту камсыз кылуу багытындагы өзүнүн программасын элге жарыялашы күтүлүүдө.
“Мекен туу” партиясынын негиздөөчүсү Урмат Барыктабасовду бийлик 2005-жылы президенттик шайлоодон четтетип, ага нааразы болгон анын тарапкерлери июнь айында өкмөт үйүн ээлеп алышкан. Аларды атайын даярдыктагы аскерлер күч менен таркаткан. Бул маселе 18-июнда К.Бакиевдин жетекчилиги менен өткөн Коопсуздук кеңешинде талкууланып, Урмат Барыктабасовго бийликти күч менен басып алуу аракети болгон делип, кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG