Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Шайлоо шарданы


“Аргументы и факты в Кыргызстане” жумалыгы журналист Виктор Виноградовдун “Күн тартибинде: парламенттик шайлоолор” деген макаласын жарыялады.



“Ишенимдүү булактын пикирине караганда каттоодон өткөн 145 партиянын жетөө парламентке келет. Бул жетөөнүн да эки-үчөө гана 5 пайыздык тосмодон өтө алат. Ошол эле учурда 5 млн. калкы бар өлкөдөгү шайлоочулардын саны 1 млн. 270 миң киши. Ырасмий маалыматтар боюнча 500 миңден ашуун кыргызстандыктар ушу тапта Россияда жашап турат. Бейырасмий мааламытка таянсак чет жердегилердин саны 1 миллион адам” деп белгилеген автор кесиптештеринин айткандарын кеп кылат.

Маселен журналисттердин ою боюнча Алмазбек Атамбаев башында турган КСДП, Өмүрбек Текебаев башында турган “Ата Мекен”, Темир Сариев башында турган “Ак шумкар” партиялары марага топ башы болуп келери бышык.

Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев башчылары болгон “Ата Журт” партиясына 2011-жылы президент болгусу келген саясатчы-генерал Өмүрбек Субаналиев баш багып көргөн. Бирок “атажуртчулар” ал ыйык орунду Марат Султанов үчүн сары майдай сактап келатканын айткандан кийин Субаналиев басып кеткен. Партия башчылары бир генерал кетсе ордуна түндүктүн да бир генералы Мыктыбек Абдылдаевди алып келип, “Ата Журтка” кийиришкен.

Ушул эле гезит “Наркобизнестин агымын бүгүн кимдер “башкарып” жатат?” деген ат менен Любовь Борисенконун макаласын тартуулады.

Даниил Евлашковдун макаласында Ош менен Жалал-Абаддын өрттөлгөн имараттарын калыбына келтирүү жөнүндө сөз болот.

Кыш эсеби санала турган мезгилге чейин 120 эле күн калды. Өкмөт ушул мөөнөт ичинде убадасында туруп, үй-жайсыз калгандардын көйгөйүн чечип бере алар бекен? Ош менен Жалал-Абадды өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын башка деректири Жантөрө Сатыбалдиевдин айтуусуна караганда турак-жай имараттарын куруу үчүн эле 80 млн. доллар керек.

Чукул кырдаалдар министрлигинин башкарма начальниги Урматбек Кендербаевдин айтуусунда БУУ турак үйлөрдү куруу үчүн 17 млн. долларды даректүү бөлөт. Бул акчага 50 чарчы метр аянты бар эки миңге жакын жаңы үйлөр курулат. Кыш түшкөнгө дейре мына ушундай аянттагы үйлөргө ээ болууну каалагандарга кайтарымсыз каражат берилет. Мындан чоң аянтагы үйгө ээ болууну каалагандарга мамлекет 20 жылдык мөөнөткө үстөгү жок ссуда берүүгө даяр. Ал эми 100 чарчы метрден көп аянттуу үйдү каалагандарга жеңилдетилген ипотекалык кредиттер берилет.

Эске сала кетсек УКК эсеби боюнча бардыгы 453 жеке үйлөр, 166 дүкөн жана соода жайлары, 6 базар, 6 админстративдик имарат, ошондой эле коомдук тамактануу, жеке ишканалар жана башка 100 объект өрттөлүп, талкаланган.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити Улугбек Бабакуловдун Мадумаров менен Ниязовдун басма сөз жыйынын талдоого алган макаласы менен жаңы санын ачты. Автор анысында: “Мен дагы бир жолу ынандым, Мадумаров деги эле өзгөрбөптүр, баягы эле Мадумаров. Кандай суроо берсең да ошол замат жообу даяр, бирок адаттагыдай эле түз суроого түз жооп бербестен, кайра өзүңдү иримди көздөй сүйрөйт” деп жазат.

Журналист андан ары Ош аймагындагы өрттөлгөн үйлөр деги эле алардын ордуна кандай турак-жай куруу керектиги тууралуу оюн билгиси келгенине Адахан Мадумаров: “Реалдуу жагдайлар менен эсептешүү керек. Ош деген түштүк борбору, аны өнүктүрүү боюнча генплан иштелип чыккан. Эгер көп кабаттуу тамдарды куруу чечими чыкса эл буга түшүнүү менен мамиле кылуусу абзел. Анын үстүнө Фергана өрөөнү Борбор Азия ичиндеги эң эле адам жыш жайгашкан аймак, андыктан анын социалдык абалын көп кабаттуу үйлөр менен гана чечүүгө болот деп ойлойм. Ал эми түштүктөн кетип аткандардын коопсуздугун камсыз кыла албагандыгы бийликтин алсыздыгы жана жарамсыздыгы” деп сындады” деп жазат.

“Мен шайлоого катышпасам катышпай деле кое алам, бирок жаштарга орун беришибиз керек” деген ат менен Азимбек Бекназаровдун маеги басылып чыкты.

Азимбек мырза, саясый партиялардын бири-бирине биригип жатканы жакшы белги экендигин, анын оюнча бүгүнкү партиялар идеологиялык прнициптерине жана кызыкчылыктарына карата 4 топко биригерин, 1-топту азыркы бийликке оппозиция болгондор же мындан да тагыраак айтканда бакиевдердин колунан жем жеп келген Мадумаровдун, мурдагы “Ак жолдун”кишилери жана башкалар, 2-топту Акаевдин башкаруу алдында “өнүп” чыккандар, 3-топту Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн тегеренип жүргөн майда саясый күчтөр, акырында эң чоң 4 топту Акаевге да, Бакиевге да, солго да, оңго да кирбеген патриоттук партиялар түзөрүн билдирди.

Бакиевдер тууралуу суроолорго жооп берген Азимбек Бекназаров Курманбек Бакиев акыры кармалып, өзүнүн кылмыштуу иштери үчүн эртеби-кечпи жооп берерин, ал эми Жаныш Бакиев өзүн жигитмин деп ойлосо ага бүгүн атынып өлгөндөн артык эч нерсе жоктугун, жарым жылдан кийин Бакиевдер менен тирүү жандын бири да эсептешпей каларын кеп кылды.

Уулу Руслан тууралуу сөздөргө чекит койгон Бекназаров, Руслан буга дейре УККда иштеп келгенин, бирок анын кимдин уулу экендигин билген соң Бакиевдер ал жерден айдап чыкканын, ал эми революциядан кийин “эл укса атасынын аркасы менен орношуп алыптыр” деп кеп кылат деп өзү бошоп кеткенин, азыр бош жүргөнүн, Ош окуясында түштүктө болуп, милийсаларга кошулуп, тартипти сактоого салым кошконун, Руслан менен сыймыктанарын айтып берди.

“Кичинекейлер менен чоң оюндар” деген аталыш менен тарых илимдеринин доктору, профессор Рустам Рахманалиевдин интервьюсу басылды. ЕККУнун полициялык күчтөрүнө каршы пикирлерге карата оюн билдирген эксперт: “Тарыхта кетирген каталык эч качан экинчи ирет кайталанбайт, полциялар кирет, бирок таптакыр Косоводогудай болбойт. Анын үстүнө түштүктөгү окуя такыр бөлөк. АКШ үчүн Кыргызстандын Түштүгүн экономикалык жактан гүлдөтүү өзгөчө ыңгайлуу. Батыш калыбына келтирүү үчүн 1 млрд. доллар бермекчи болдубу? Көрөсүңөр, бир аз жылдан кийин Ошту биз тааный албай калабыз. Ал Сингапурга же Малайзияга айлант” деп айтты.
XS
SM
MD
LG