Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Президенттин администрациясында дайындоолор болду


Президент Роза Отунбаева өз администрациясында бир катар кадрдык дайындоолорду жасады.

Президенттин жарлыгына ылайык, Сабырбек Байназаров президенттин администрация жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Ал эми Фарид Ниязов президенттин администрациясынын маалыматтык-тескөө борборунун жетекчиси болуп дайындалды.

Ал эми президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп Сапар Исаков, эксперттик-аналитикалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси болуп Чолпон Ногойбаева, иштерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчилигине Акпаралы Карабаев, өнөр-жай, транспорт жана байланыш бөлүмүнүн жетекчиси болуп Таалайбек Орозов, энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн жетекчиси болуп Алибек Стамбековдор дайындалышты. (IJz)

XS
SM
MD
LG