Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

С.Аникеев: Токтогулда бийлик алмашмайын айтканымдан кайтпайм


Өлкө жетекчилигине жана коомчулукка кечээ ачык кайрылуу жолдогон Салабат Аникеев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, эгер Токтогул районунун акими менен орун басары кызматтан алынбаса, өзүн өзү өрттөө талабынан кайтпай турганын билдирди.

Кечээки ачык кайрылуусунда ал 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт мүчөлөрү айткан убадаларын унутуп - бийлик, байлык талашууга өтүшкөнү, андай тенденция бүгүн да уланып атканы айтылат. Андан ары ал К.Бакиевдин учурунда Токтогул районунун акиминин орун басары болуп турган Сатылган Арстанбеков бүгүн аким болсо, “Ак жол” партиясынын Кызыл-Туу айылы боюнча координатору Маданбек Эшматов анын орун басарына айланганын, алар учурунда оппозициядагыларга каршы иштери менен белгилүү болгонун баяндайт.

“Мен аким менен анын орун басарын гана алмаштыргыла деп атам. Башка кимди койсо да каршы эмесмин. Талабым орундалбаса 9-август күнү өзүмдү өрттөйм”,- дейт С.Аникеев. Ошондой эле ал учурда эч бир партияга мүчө эместигин, аркасында кандайдыр бир күч жоктугун кошумчалады.

Ал эми Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов “Азаттыкка” билдиргендей, учурда алар С.Аникеевдин өзү жана туугандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атышат.

Ошондой эле ал С.Аникеевдин аркасында белгилүү күчтөр турганын, алар өз кишисин аким кылууну гана көздөп атышканын, Токтогул районунда кадрдык дайындоолор туура болгонун билдирди.

PS. Салабат Аникеев – 56 жашта. Кара-Балта шаарындагы Экономика жана укук техникумун бүтүргөн. 35 жыл айдоочу болуп иштеген. Акыркы 15 жыл аралыгында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров уюштурган түрдүү акцияларга катышып, оппозиция катарында жүргөн. 2009-жылдагы президенттик шайлоодо Бириккен элдик кыймылдын жана президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Токтогул району боюнча штаб башчысы болгон. Үй-бүлөлүү. Жубайы, эки уулу жана эки кызы бар. (IJz)

XS
SM
MD
LG