Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

ЕККУ полициячыларына каршы жаштар Ошто боз үй тигишет


Ош шаарында Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полициялык кеңешчи тобунун келүүсүнө каршы чыгып келаткан жаштар уюмдары облустук администрциянын алдындагы аянтка келип, боз үй тигүүгө аракет кылышты.

“Ак кызмат” жаштар уюмунун мүчөсү Камчыбек Досматов “Азаттыкка” билдиргендей, тигилгени турган боз үй ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунун келүүсүнө каршы чыккандардын штабына айланмакчы. Бирок тартип сактоо кызматкерлери алып келинген боз үйдү борбордук аянтка өткөрбөй, шаардан коменданттык саат алынганга чейин боз үй тигүүгө уруксат жоктугун айтышкан.

К.Досматов билдиргендей, коменданттык саат 10-августта бүтөрү айтылгандыктан, эми Ош шаарындагы 12 жаштар уюму боз үй тигүүнү 11-августка калтырышты.

Айта кетсек, кечээ эле Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полициялык кеңешчи тобу жаатында дале талаш-тартыш жүрүп аткандыктан дагы бир жолу түшүндүрмө таркаткан.

Анда бир катар маалымат каражаттары келүүсү пландалган полициялык кеңешчи топту түрдүүчө атап атышканы, “Эл аралык полиция күчтөрү”, “Эл аралык тынтык орнотуучу күчтөр”, “ЕККУнун полициячылары” деген аталыштардан улам коомчулукта алардын макамы тууралуу туура эмес түшүнүктөр калыптанып атканы айтылат.

Түшүндүрмөдө аталган полициялык кеңешчи топтун башкы миссиясы – күч органдарына ишенимди арттыруу, кырдаал боюнча мониторинг жүргүзүү, кеңешчилик кызматтарды аткаруу экендиги, алардын мандаты чектелүү экени маалымдалат. Ошондой эле бул полициячылар иликтөө-тергөө иштерине, кылмыш иштери боюнча процесстерге аралашпай турганы баса белгиленет.

Айта кетсек, буга чейин ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунун Кыргызстанга кирүсүнө каршы чыгып Бишкек, Ош, Кара-Кол шаарларында митинг өткөрүлгөн. Аталган митингдердин уюштуруучулары, талаптары орундалбаса түрдүү акцияларды улантышаарын айтып келатышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG