Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Ошто милиция кызматкери шеригинин огунан каза тапты


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан «Азаттыкка» билдиришкендей, кечээ түнү түштүк борборундагы «Ош нуру» (мурдагы «Интурист») мейманканасында Бишкек шаарынан командировкага жөнөтүлгөн ички иштер министрлигинин эки өкүлү өз ара чатакташып, полковник улук лейтенантты атып таштаган. Бириничиси айыбын моюндап, укук коргоо органдарына өзү барган. Учурда сурак берип жаткан чагы.

Ош аймагынын коменданты Бакыт Алымбеков болгон окуяны ырастап, ок жеп каза тапкан офицердин сөөгү бүгүн Ала-Бука районунда жерге коюлаарын билдирди. Ал эми полковниктин айыбы канчалык деңгээлде экендигин тергөө аныктайт. (ATo)

XS
SM
MD
LG