Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

АКШ Жапонияны Иранга карата жазаналарды күчөтүүгө чакырды


Мындай чакырык Жапония Иранга каршы санкцияларды чектеп ушул айдын аягында кошумча жазаларды ачыктаарын билдиргенен кийин айтылды. АКШ мамдепартаментинин куралдарды кыскартуу программасынын атайын кеңешчиси Роберт Эйнхорн Токиодогу сапары учурунда:
«Биз жапон өкмөтүнө кеңеш бергендей эле менин силерге жана силердин кесиптештериңерге айтайын дегеним Европа Биримдиги кабыл алган чараларга көңүл бурсаңар. Европалыктар кабыл алган жазаналар абдан катаал, жапониялыктар дагы андай жазаналарды кабыл алса, ал Жапониянын экономикасына таасирин тийгизе деле койбойт»

БУУнун Коопсуздук кеңеши июнь айында Иран өзөктүк программасынын алкагында уранды байытууда деген негизде жазаналардын жаңы топтомун кабылдаган.

XS
SM
MD
LG