Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37

В.Хонго кол салгандар аныкталды


Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев бүгүн маалымат жыйынында билдиргендей, 27-июлда ВОССТ нефтебазасынын жетекчиси Валерий Хонго кол салган адамдардын кимдиги аныкталды. Учурда аларды кармоо жаатында иш-чаралар жүрүүдө. З.Рысалиевдин айтымында В.Хонго кол салган адамдар үч киши болгон. Тергөө амалдары жүрүп атканына байланыштуу алардын аты-жөнү азырынча айтылбайт.

Эскерте кетсек, 27-июлда “ВОССТ” ишканасынын ээси, ишкер Валерий Хонго Бишкектин Орто-Сай базарынан белгисиз адамдар кол салып, ур-токмокко алышкан. Андан соң В.Хонго бир нече жолу бычак сайылган. В.Хон азыркы тапта ооруканада оор абалда. “ВОССТ” компаниясынын башкы директору Калиман Түгөлбаеванын айтымында, В.Хонго биринчи кол салуу 28-июнда болгон. Анда В.Хон Бишкектин Токтогул көчөсү менен Жаш Гвардия гүл багынын кесилишинде машинасына отуруп жаткан чакта белгисиз адамдар уруп кетишкен. (IJz)

XS
SM
MD
LG