Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Сотко тезек ыргыткан казак журналист абакка алынат


Алматы шаардык соту журналист Жанна Байтелованы сотту көздөй тезек ыргыткандыгы үчүн бейбаштык деген негизде 10 күнгө абакка камоо тууралуу чечим чыгарды. Журналист болсо өз аракетин бейбашчылык эмес, каршылык аракети катары баалайт.
Журналист Байтелова Казакстандын премьер министри Карим Масимов, Сенаттын спикери Касымжомарт Токаев жана Сенаттын төмөнкү палатасынын спикери Орал Мухамеджанов президент Назарбаев «Улут Атасы» деген мыйзамды кабыл алуу тууралуу «мыйзамсыз аракеттерге» баргандыгы үчүн бул адамдардын үстүнөн сотко арыз менен кайрылган. Байтелованын арызын райондук сот кабыл алуудан баш тарткан соң ал Алматы шаардык сотуна кайрылган.

XS
SM
MD
LG