Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

ЕККУнун полиция кеңеши Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпейт


Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда ЕККУнун полиция кеңешине орусча сүйлөй билген Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн, Орусия, Украина, жалпысынан 55 мамлекеттин өкүлдөрүнөн кеңешчилер полицияга сынак менен тандалып алынат.
Алар 1998-2000-жылдары Хорватияда мониторинг жүргүзүп, жергиликтүү полиция менен бирге, кагылышууда жашап жаткан жерлерин таштап кеткен качкындарды кайра кайтууга жардам берген.
2001-жылы мурдагы югославиянын Македония аймагында жети айлык куралдуу кагылышуудан кийин ЕККУнун полиция кеңешинин 60 кызматкери жергиликтүү укук коргоо органдарына кеңеш берип, жамааттык коом менен кандайча иштөөгө үйрөткөн.

Кыргызстанга келүүчү ЕККУнун полиция кеңеши кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуясын тергеп-иликтебейт. Тергеп-иликтөө иштерин Ош, Жалал-Абад облустарынын прокуратура, милиция, улуттук коопсуздук кызматы, каржы полициясынан турган ыкчам-иликтөө тобу жүргүзөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG