Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:34

К.Байболов: Деструктивдүү күчтөрдүн пландарын жакшы билебиз


Ички иштер министри Кубат Байболов кечээ "Азаттыкка" сүйлөгөн сөзүндө коомчулукта үрөйдү учурган ар кандай ушактар, мамлекеттик бийликти басып алат экен деген маалыматтар тарап жатканын белгилеп, ошол эле учурда айрым бир саясий күчтөр эркин жыйындарды өткөрүү боюнча конституциялык укуктарга жамынып алышып, мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракет кылып жатышы ыктымал деп билдирди.

-Биз бул деструктивдүү күчтөрдүн пландарын, аракеттерин жана алардын артында кимдер турганын жакшы билебиз. Ошондуктан белгилүү өлчөмдө мыйзамда көрсөтүлгөн чаралардын баарын көрүп жатабыз жана кырдаал толугу менен көзөмөлдө,- деди К.Байболов.

Ал ошондой эле айрым саясий күчтөрдүн барымтасында калган кылмыштуу топтордун элдин артына жашынып алышып, акыбалды курчутууга, туруксуздук жасоого аракеттенген топтордун өкүлдөрүн кармап жатышканын, алар түндө же бүгүн толугу менен кармаларын баса белгиледи.

Байболов эгерде бүгүн өтө турган митингде кырдаалды дестабилдештирип, кылмыштуу аракеттерге бара тургандар болсо чечкиндүү чаралар көрүлөрүн билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG